Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Орунтаев Нурдан Кемелович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Орунтаев Нурдан Кемелович Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Орунтаев Нурдан Кемеловичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.