Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 11-февралда, Россия Федерациясынын Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, достук алакаларды бекемдөөнү, ошондой эле өлкөлөр аралык маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашты.
Мамкатчы белгилегендей, Михаил Швыдкойдун сапары жаңырган жылдагы эки тараптуу мамилелердин маанилүү окуясы болуп саналат. Ал Кыргызстан менен Россиянын ортосунда союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого шарт түзгөн толук өз ара түшүнүү бар экенин баса белгиледи.
«Михаил Ефимович, сизди, биздин өлкөдө көрүнүктүү маданий ишмер, өлкөбүздө туулган, Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө зор жеке салымын кошкон инсан катары таанышат жана чын дилден урматташат», – деп баса көрсөттү Сүйүнбек Касмамбетов.
Ал Кыргызстан жана Россия эл аралык кырдаалдын ыкчам өзгөргөн шарттарында тыгыз координацияны сактап келе жатканын белгилеп, алдыда мамлекеттер ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюлгандыгынын 25 жылдыгы белгилене турганын эске салды.
Өз кезегинде Михаил Швыдкой жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин белгиледи. Ал өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштар мындан ары да динамикалуу өнүгүүнү улантарын, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мамилелердин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана маданият, билим берүү жана илим тармактарында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга умтула тургандыгын ырасташты.