Жаңылыктар
Баткендеги жарманкеге кошуна Өзбекстандын да дыйкандары катышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендеги жарманкеге кошуна Өзбекстандын да дыйкандары катышууда

Баткен районунун Чек айылында азык-түлүк жармаңкеси өтүп, ага кошуна Өзбекстандан да дыйкан-фермерлер келди.  Анда дыйкандар өндүргөн продукцияларын ортомчусуз, базардагыдан төмөн баада сатышты.

Ак-Турпак айылынын тургуну Замирбек Сейитов 1 гектар жерине күрүч өстүрүп, жылына 4 тоннага жакын түшүм жыйнайт. Аны базарларга дүңүнөн сатып келген. Бүгүн болсо дыйкан биринчи жолу жармаңкеге келип, күрүчүн өз колу менен элге арзан баада сунуштап жатат: «Мисалы биз базарда 230, 240 сомдон тапшырабыз. Бул күрүчтөр базарда 260 сомдон сатылат. Азыр базардан арзан кылып, 240сомдон беребиз деп турабыз. Бул дыйканга да пайда, элге да пайда. Мындай жармаңкелер тез-тез өтүп турса, эл базарга барбай эле бул жактан 20 сомго арзан алат».


Жармаңкеге коңшу Өзбекстандын Риштон аймагынан да дыйкан-фермерлер келген. Алар сооданын көркүн ачып, жашылча, жер-жемиштердин түрүн, жада калса дарбыз, коондорду да алып келишкен. Мындан сырткары чоподон жасалган идиштер да бар. Өзбек фермерлери мындай соода-сатык достук мамилелер менен кошуналык алака-катышка да оң таасирин тийгизерин белгилешти.


Жармаңкеде күрүч, жашылча-жемиш жана биринчи керектөөдөгү азык-түлүккө суроо-талап көп болду.

Калкты арзан баадагы азык-түлүк менен камсыздоо максатында жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо демилгеси менен өтүп жаткан бул жармаңке облустун башка район-шаарларында да уюштурулууда. Кийинки жарманке Баткен районунун Бужум айылында өтөт.