Жаңылыктар
Кардиохирургия институтундагы өрттөн эки адам каза тапты
Кыргызстан жаңылыктары
Кардиохирургия институтундагы өрттөн эки адам каза тапты

12-февралдын түнүндөгү өрт учурунда Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун жанданыруу бөлүмүндөгү эки бейтап каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.

Анын айтымында, өрт жер төлөдөн башталып, имаратты түтүн каптаган:

- Жандандыруу бөлүмүндөгү бейтаптар операциядан соң өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Өрттөн улам бейтаптар коңшу жайгашкан Кардиология борборунун реанимация бөлүмүнө эвакуацияланган. Бирок реанимациялык иш-чараларга карабастан эки бейтап каза тапты. Учурда Кардиология борборунун реанимация бөлүмүндө 7 бейтап жатат, алардын экөө чоң киши болсо, жетөө балдар. Учурда бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Бишкектеги Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун имаратынан өткөн түнү өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты тартылган. Өрт саат 22:33тө чектөөгө алынып, саат 23:15те толук өчүрүлгөн. Кырсыктан 260 адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Алардын 216сы бейтаптар, 44ү дарыгерлер.