Жаңылыктар
Бишкекте ИИМдин тергөөчүсү он миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ИИМдин тергөөчүсү он миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө  пара алууга шектүү катары  Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Т.Н. кармалды. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта  быйыл 8-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган милиция кызматкери УКМКнын тергөө абагына камакка алынганы айтылат.  Учурда кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.