Улуттук кардиохирургия жүрөк жана органдарды трансплантациялоо институтунан чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Саламаттык сактоо министри алдын ала божомолдор боюнча, жабдуулардын биринин аккумулятору жарылган болушу мүмкүн деп айтууда. Өрт чыкканда бейтаптар башка ооруканаларга эвакуацияланган, бирок тилекке каршы реанимациядагы эки бала каза болуп, тогуз адам ууланган.
Өрт чыкканда которулган 6 бейтап учурда Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө дарыланууда. Төртөө балдар. Алардын ден соолугуна анестезиолог-реаниматолог Юсуп Мамбетов көз салып турат.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча кырсык болгон учурда, имаратта 104 адам болгон. Анын ичинде 50 бейтап, анын 19у бала, 32 камкор багуучу жана 22 кызматкер. Операцияга чейинки 19 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлсө, калгандары жакынкы ооруканаларга жеткирилген. Тилекке каршы, операция болуп чыккан 2 бала каза болуп калды. Алардын бири 1.7 айлык наристе, экинчиси 15 жаштагы өспүрүм.
Өрт имараттын жер төлөсүндө чыкканы менен түтүн эң үстүнкү кабаттан каптап баштаган. Анда 9 адам иске ууланганы белгилүу болду. Алардын экөө бейтаптардын жакыны, жетөө медицина кызматкери. Учурда үчөө тез жардам клиникалык ооруканасынын токсикология бөлүмүндө дарыланууда.
Өрт эмне себептен чыкканы азырынча так белгисиз. Бирок имараттын жертөлөсүндө жарылуу болушу мүмкүндүгүн саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бүгүн парламентте билдирди.
- Азыр тиешелүү органдар өрттүн себебин аныктоо иштерин жүргүзүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кубаттуу жабдуулардын биринин аккумулятору жарылган. Ал ушунчалык күчтүү болгондуктан эшик сыртка ийилип кеткен. Түтөп баштаганда күзөт кызматы дароо персоналга айтып, алар терезелерди ачышкан.
Ооруканада чыккан өрттү өчүрүүгө жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты тартылган. Тилсиз жоо 2 саат ичинде 250 чарчы метр жерди жалмап кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, өрттүн алдын алуу максатында кызматкерлер паландык текшерүү иштерин жүргүзгөн. Өрт коопсуздук эрежелери так сакталбагандыктан Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунун жетекчилигине эскертме берилип, кийин айып да салынган экен.
- Биринчи эскертүү былтыр февралда, экинчисин март айында берилген. Биринчи берген тапшырмаларды аткарбагандыктан 23 мин сом айып пул салынган.
Бул өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, окуя министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жеке көзөмөлүнө алынды.
Өрттүн чыгуу себеби тергөөчүлөрдүн жана атайын түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгында билинет.