Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборун түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Саламаттык сактоо системасынын сапатын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын калкына адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле таяныч-кыймыл аппаратынын жаракаттарын жана ооруларын дарылоо жана реабилитациялоо системасын өркүндөтүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
2) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.