Жаңылыктар
Адылбек Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарындагы иш сапары аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Адылбек Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарындагы иш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарындагы  иш сапары аяктады. Анын алкагында ал Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин ачылышына катышып, “Жаңыдан пайда болуп келе жаткан глобалдык таасир” деп аталган форумдун ачылышында сөз сүйлөдү. 

Дубай шаарында Адылбек Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрдү. Алар Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министринин орун басары, президенттик иштер министри Мансур бин Заид Аль Нахайян, Министрлер кабинетинин иштери боюнча министри Мохамед Абдулла Аль Гергави, экономика министри, кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Абдулла бин Тук Аль-Марри, Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Аль-Сувайд. 

Ошондой эле Масдар жана Гугл компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Мындан тышкары жумуш сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөттөрүнүн ортосунда жаңы беш жылдыкка мамлекеттик башкарууну институционалдык өнүктүрүү жана модернизациялоо жаатында тажрыйба алмашуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.