Жаңылыктар
Белгилүү журналист Нарын Айып акка моюн сунду
Кыргызстан жаңылыктары
Белгилүү журналист Нарын Айып акка моюн сунду

Бишкекте белгилүү журналист Нарын Айып дүйнө салды. Ал бүгүн түшкө жуук 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганын аталган каналдын кызматкерлери билдиришти. 72 жаштагы Нарын Айып 2024-жылдан бери 7-каналда башкы продюсер кызматында иштеп келаткан.

Нарын Айып (Идинов Нарынбек Айыпович) 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, 1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1977-1980-жылдары Москвада СССР Илимдер академиясында аспирантурада окуп, 1982-жылдан 1993-жылга чейин ошол эле академияда илимий кызматкер болуп иштеген.

1990-жылдардын башында журналистикага аралашып, 1993-жылдан 2007-жылга чейин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун алгач Германиянын Мюнхен шаарындагы, кийин Чехиянын Прага шаарына көчкөн баш кеңсесинде кыргыз кызматынын редактору, кабарчысы болуп эмгектенген.

Андан кийин Бишкекке келип, 2008-2010-жылдарда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин директору, 2010-жылдан 2014-жылга чейин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (азыркы УТРК) “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын баш редактору, 2015-жылы “Вечерний Бишкек” гезитинин саясат боюнча шеф-редактору болуп иштеген.

Андан кийин 5-каналда алып баруучу, редактор болуп, соңку жылдары 7-каналда иштеп жаткан.

Нарын Айыптын артында аялы төрт кызы менен калды.

УТРК жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөт.