Жаңылыктар
Нарында 17 мектепке лабораториялык жабдыктар берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында 17 мектепке лабораториялык жабдыктар берилди

Кыргызстанда 2020-жылдан бери окуучулардын билим сапатын жакшыртуу менен сынчыл ой жүгүртүүсүн калыптандыруу жана лидерлик сапатын өнүктүрүү максатында  “Мектептер-2030” программасы ишке ашууда.

Аталган программага дубандан Нарын, Ат-Башы райондору жана Нарын шаарынан пиолттук катары 17 мектеп, 15 бала бакча тандалып аланган. Долбоор алкагында 17 мектептин ар бирине 60 миң 400 сомдук лабораториялык жабдуулар, англис тили мугалимдерине окуу китептери, математика сабагына керектүү окуу куралдары тапшырылды.  Мындай колдоо окуучулардын практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга жардам берет. 

Бул программага кирген билим берүү мекемелеринен экиден мугалим жана тарбиячылар 72 сааттык окуудан өтүшкөн. Анда балдарга инновациялык ыкма менен сабак өтүү, лидерлик сапаттарын өнүктүрүү, жоопкерчиликке үйрөтүү, дүйнө таанымын калыптандыруу, математикалык жана табигый билимдерин жакшыртуу багытында иш алып баруу милдети коюлган.

“Мектептер-2023” программасы 6-10 жана 15 жаштагы балдардын математика, табигый илимдер жана окуу сабаттулугу боюнча билимдерин жакшыртууга багытталып, 2030-жылга чейин ишке ашат.