Жаңылыктар
Ак-Талаада мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Талаада мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаран  кармалды

Ак-Талаа районунда ок атуучу курал менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн 55 жаштагы жаран кармалганын бүгүн Нарын ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа  райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери 5-февраль күнү саат 21:50 чамасында райондогу Жаңы-Талап айылынын Ак-Терек участкасында белгисиз жаран ок атуучу курал менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалгандыгы тууралуу 102 кызматына билдирген.

Бул факты  Ак-Талаа РИИБинин каттоосуна алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

“Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда Жаны-Талап айылынын тургуну, 1970-жылы туулган жаран документи жок ТОЗ-8М  сайлуу, 5,6 мм. калибриндеги анчылык ок атуучу куралын жана 5,6 мм. калибриндеги 2 даана ок-дарыны уруксат кагазы жок болгондугуна карабастан атамдан калган эстелик деп сактап, колдонуп жүргөндүгү аныкталган.

Териштирүү учурунда мыйзамсыз анчылык ок атуучу курал ок-атууга жарактуулугун аныктоо максатында соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында жогорудагы курал ок атуучу курал болуп эсептелинет, курал техникалык жактан жараксыз, бирок ок атууга жарактуу деп көрсөтүлгөн.

Жогорудагылардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 267-беренесинин (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери байкалгандыктан кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат”,- деп айтылат Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.