“Ош” аэропортун транспорттук түйүн гана эмес, туризм жана бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу экономикалык маанилүү борборго айландырабыз”,- деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда, “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Ордолуу Ош облусунун ардактуу тургундары!
Кымбаттуу авиация тармагынын өкүлдөрү!
Бүгүнкү күндө "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому уюштуруу-башкаруу түзүмүн жакшыртуу менен өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштү.
Өзүңүздөргө жакшы белгилүү, жер-жерлердеги аэропорттордун инфратүзүмдөрү жаңыланып, маршруттук каттамдар кеңейүүдө. Ошол эле учурда авиация тармагынын ишмердүүлүгүнүн бир катар багыттары жигердүү өнүгүүгө бет алды.
Биз Кыргызстандын авиация тармагынын кайра жаралышына күбө болуп жатабыз. Буга чейин "Каракол" эл аралык аэропорту жана "Талас" аэропорту ишке киргизилди. "Жалал-Абад", "Караван", "Казарман", “Баткен” аэропортторунда учуп-конуу тилкелери капиталдык ремонттон өткөрүлдү. "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту менен "Нарын" аэропортун оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Жакын арада Жалал-Абадда заманбап эл аралык аэропорттун курулушу башталат.
Мамлекеттин учак паркына эки Бомбардиер Даш – 8-400 (Bombardier Dash 8-400) аба кемеси сатылып алынган эле, эми быйыл дагы эки жаңы учактар менен толукталганы турат.
Мына ушундай жакшы саамалыктарды улай, бүгүн биз бул жерге "Ош" эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушун баштоо үчүн мезгил кутусун салганы турабыз. Бул окуя жеке эле түштүк аймагы үчүн эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ!
Андыктан жалпы кыргызстандыктарды жакшы иштин башталышы менен куттуктаймын.
Ардактуу агайын-туугандар, бул окуя бүтүндөй Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ деп баса белгилеп жатабыз. Эмне үчүн? Анткени “Ош” эл аралык аэропорту — Кыргызстандагы жүргүнчүлөрдүн агымы боюнча экинчи орунда турган ири аэропорт. Ал – жалпы Фергана өрөөнүнүн негизги транспорт түйүндөрүнүн бири.
Тагыраак айтканда, бул аэропорт Кыргызстандын түштүк аймагынын тургундарын гана эмес, Борбор Азия, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жана башка региондордун ортосундагы маанилүү байланышты камсыз кылат.
Бүгүнкү күндө аэропорт Эйрбас-A320 (Airbus A320), Боинг-737 (Boeing 737) жана алардын аналогдору болгон заманбап учактарды кабыл ала алат. Демек, аэропортубуз эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат.
Эми колдонуп келген аэропортубузду модернизациялоонун зарылдыгына токтолой кетейин.
1974-жылы курулган аэропортубуз мезгил өтүп, заман алмашып жүргүнчүлөрдүн агымынын, жүктөрдүн жана рейстердин санынын өсүшү менен аба каттамын колдонуучу кардарларды толук кандуу тейлей албай калды.
Мисалга алсак, 2021-2024-жылдар ичинде аэропорттордо тейленген ички жана тышкы аба каттамдарында жүргүнчүлөрдүн агымынын туруктуу өсүү динамикасы дээрлик 47%ды түздү.
Башкача айтканда, жүргүнчүлөрдүн саны 4 млндон 6 млн чейин көбөйдү.
Жаңы аэробекет комплекси, буюрса, аэропорттон саатына 900 жүргүнчүнүн учуп-конуусун тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Бүгүнкү күндө мына ушинтип аба ырайы бузулуп, туман каптаса эле Бишкектен да, Оштон да учактар уча албай жатканыны жакшы билесиздер. Кудай буюрса, быйылкы жылдан баштап, Бишкекте да, Ошто да, учуп-конуу тилкелеринде оңдоо иштери жүрөт. 2027-жылдан баштап туман деген көйгөй болбойт. Конуу тилкелерин эң жогорку категорияга жеткиребиз. Кандай гана аба ырайы болбосун учактар уча берет, коно берет. Албетте, жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапаты менен ыңгайлуулугу да жакшырат.
Өзүңүздөр байкагандай, бул аракет – өлкөбүздүн аба транспортунун инфратүзүмүн өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Көздөгөн максатыбыздын ишке ашуусу менен Кыргызстандын авиациялык түйүнүнүн позициясы бекемделет.
Урматтуу мекендештер!
Жаңы аэробекет комплексинин долбоору Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкты. Ошону менен бирге курулуштун башкы подрядчысы катары “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы иш алып бармакчы.
Долбоорду каржылоо “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун өз каражатынын эсебинен жүргүзүлөрүн белгилей кетейин. Бул биздин авиация тармагыбыздын ийгиликтүү ишин тастыктап турат.
Эми бул жаңы аэробекет комплексинин курулушун чоң пландарыбыздын башталышы гана деп туралы. Биз аэропорттун маршруттук тармагын кеңейтүүнү, жаңы авиакомпанияларды тартууну жана жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүнү мерчемдеп жатабыз.
Ошону менен бирге, буюрса, “Ош” аэропортун транспорттук түйүн гана эмес, туризм жана бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу экономикалык маанилүү борборго айландырабыз.
Иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
Мындай маанилүү долбоорго салым кошууга катышкандардын баарына ыраазычылык билдирем!
Кыргызстандын дүйнө менен байланышын арттыруу үчүн негиз салып жаткан бүгүнкү саамалык —өнүгүүгө умтулуубуздун символу болсун!
Ынтымагыбыз артып, биргелешип, өлкөбүздүн жаркын келечегин куралы!”.