Жаңылыктар
Жалал-Абадда дагы бир блогер кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда дагы бир блогер кармалды

Опузалоо фактысы боюнча Жалал-Абад шаарында дагы бир блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-февралда, УКМК тарабынан Instagram баракчасында 200 миң катталуучусу бар блогер кармалды.

Ал Сузак районунун тургунун өгөй кызы менен интимдик мамиледе болгон делген жасалма сүрөт, видеолорду таркатам деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, кармалган блогер күч колдонуу жана коркутуу жолу менен жабырлануучунун өгөй кызын жылаңач сүрөткө жана видеого тартууга мажбурлаган.

Андан соң даярдалган фото, видео материалдарды колдонуп, өгөй кызы менен интимдик мамиледе деп шантаж кылып, 184 миң сом акча талап кылган.

Учурда кармалган жарандын кылмыш ишинин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө иштери жүрүп жатат.