Жаңылыктар
Хоккей боюнча республикалык мелдеште “Нарын шумкарлары” чемпион болду
Кыргызстан жаңылыктары
Хоккей боюнча республикалык мелдеште “Нарын шумкарлары” чемпион болду

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Өтмө кубогуна арналган хоккей боюнча уюшулган республикалык ачык турнир жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган беттешке Бишкек шаарынан, Ысык-Көл облусунан жана Нарын облусунун райондорунан келген жалпы 8 команда катышты. Мелдешке 220 миң сом байге коюлду.

Финалдык беттеште биринчи орун үчүн Нарын шаарынын “Нарын шумкарлары" менен Бишкек шаарынын "Кыргыз темир жолу" командасы күч сынашты. Жыйынтыгында “Нарын шумкарлары” командасы 3:1 эсебинде жеңишти камсыздап, кубок жана 100 миң сом байгеге ээ болду. 

Экинчи орунду  Бишкек шаарынын “Кыргыз темир жолу” командасы ээлеп 60 миң сом, үчүнчү орунду Жумгалдын “Шортон-Чаек” командасы 40 миң сом алса, төртүнчү орунду Нарын шаарынын “Ардагер шумкарлар” командасы камсыздап 20 миң сомдук сыйлыкка татышты.  Андан тышкары  грамота жана медалдар менен сыйланышты.

"Хоккейдин мекени болгон Нарын жергесинде хоккейди өнүктүрүү максатында облустук бийликтин Өтмө кубогуна арналган турнирди быйыл биринчи жолу уюштуруп жатабыз. Мелдеш аркылуу жаштарыбызды бул спорттун түрүнөн келечекте күчтүү спортчуларды өстүрүп чыгабыз деген оюбуз бар"- деди облус башчысы Алтынбек Эргешов.