Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда алгачкы жолу лапароскоп аппараты менен үч бейтаптын өтүнө операция жасалды.
Операция борбор калаадагы клиникалардын мыкты профессор дарыгерлери тарабынан жасалып, ага Ат-Башы райондук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирург-дарыгерлеринин жамааты да катышып, тажрыйба алышты.
Германия өндүрүшүнөн чыккан хирургиялык жабдык калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, операцияга болгон муктаждыктарды жеңил чечүү максатында Жапон элчилиги аркылуу 7 миллион 6 миң сомго алынып берилген.
Лапароскоп аппараты менен гинекология, лор, боор, урология, сокур ичеги, өт алдыруу операцияларын жасоого болот жана ички органдарга изилдөө да жүргүзөт. Буга чейин операцияга муктаж болгон бейтаптар Бишкек шаарына барып, изилдөөдөн өтүп, андан кийин операция жасатууга убакыт короп, бейтаптарга ыңгайсыздыктар жаралып келген.
Мындан ары райондук оорукананын хирург-дарыгерлери бул жабдык менен жогорудагыдай операцияларды жеринде жасап, калкка медициналык жактан сапаттуу кызмат көрсөтүү менен калктын саламаттыгын чыңдоого зор салымын кошот.