УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерине 75 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда Ош облусунун Алай районунун М.С.Ж. аттуу тургуну кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, бул жаран аталган өлчөмдөгү параны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен мурда Алай районундагы сүт-товар фермасына таандык болгон жалпы аянты 3,0 гектар жердин менчиктештирилип кетишине байланыштуу текшерүү иш-чараларын токтотуу максатында берген.
Учурда зарыл болгон тергөө чаралары жүргүзүлүүдө.