Жаңылыктар
Өзгөндө окуучулардын мушташынан бир бала ооруканага түштү
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөндө окуучулардын мушташынан бир бала ооруканага түштү

Өзгөн районунда мектеп окуучулары мушташа кетип, бирөө ооруканага түштү. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн билдиришкенге караганда, 14-февралда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 2008-жылы туулган К.Э. аттуу мектеп окуучусу денесинен жарат алып, аймактык ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган жана тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя боюнча териштирүү учурунда күбөлөрдүн маалыматына ылайык, №34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада К.Э.ни ур-токмоко алуу менен денесине жаракат келтиришкен.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Акыркы жумаларда өлкөдө өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан жана мектептеги рэкетчиликтен улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар көп каттала баштады.

Маселен, өткөн жумада Бишкектеги №72 мектепте 8-класстын окуучусу мектептин дааратканасында сабалып, өзүн жоготконун, ооруканада 15 күн жатып каза болгону ачыкка чыкты. Бул окуяга шектүү катары ошол эле мектептин 9-класстын окуучусу кармалды.

12-февралда Кара-Суу районундагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин 9-11-класстарынын окуучулары чатакташуусунан 9-класста окуган өспүрүм каза тапты.

13-февралга караган түнү Жумгал районундагы Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын эки окуучусу чатакташып, бири денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөн.

8-февралда Баткен шаарында 2008-жылы туулган эки өспүрүм чырдашып, бири теңтушунун сол көкүрөгүнө ашкана бычагы менен сайып жиберген. Бычак жеген бала азыр ооруканада. 22-январда Чүйдүн Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей, 25-январда ооруканада каза болгон.