Жаңылыктар
Ошто адам уурдап, ири суммада акча талап кылгандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто адам уурдап, ири суммада акча талап кылгандар кармалды

УКМК Ош ШИИБи менен биргеликте адам уурдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылган жарандарды кармады.

УКМКнын маалымат кызматынан бүгүн билдиришкенге караганда, быйыл 16-январда Ош шаарындагы Т. Шоноев көчөсүндө, Ак-Тилек кичи районундагы шаардык оорукананын жанында Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар  К.Д.У. аттуу жаранды күч колдонуп автомашинага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Д.У аттуу жаранды уурдап кеткендер: 1990-жылы туулган К.у.Т., 1991-жылы туулган К.у.К. жана 1991-жылы туулган И.Н.И экендиги аныкталды. Алар уурдап кеткен адамды Ош облусунун Өзгөн районуна карай алып кетишип, 2 сутка бою кармашкан. Кармоо мезгилинде кылмышкерлер уурдалган жаранды мобилдик капчыкка 190 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын которууга мажбурлашкан.

Аталган факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышкерлер аныкталып, кармалган жарандар Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.