Жаңылыктар
Орозо 1-мартта башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Орозо 1-мартта башталат

Кыргызстанда быйыл ыйык Рамазан айы 1-марттан тарта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бүгүн билдирүү таратты.

Андагы маалыматка караганда, 28-февралдын кечинде өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.

Орозо ислам дининдеги беш парздын бири. Рамазан айында мусулмандар бир ай орозо кармап, таң заардан күн батканча ооз бекитип жүрүүгө тийиш.

Рамазан айы 30 күнгө, кээ бир учурда айдын жаңырышына жараша 29 күнгө созулуп, Орозо айт майрамы менен жыйынтыкталат.