Лейлек районуна караштуу Коргон айылында “Лейлек пласт” аталышындагы жаңы өндүрүш цехи ишке кирди. Анда заманбап технологиянын жардамында суу түтүктөрүнүн бир канча түрү чыгарыла баштайт. Бул цех аймактагы багбан, дыйкандардын сугат иштерин жеңилдетүүгө шарт түзөт жана төрт адамды жумуш менен камсыз кылат.
Бул ишкана аймакта пластиктен суу түтүктөрүн чыгарган алгачкы ишканалардын бири болуп ачылды. Цехтин ишке кириши менен багбандар жана дыйкандар үчүн сугат иштерин жүргүзүү жеңилдеп, сугат түтүктөрүн алууга болгон муктаждык жеринде чечилмекчи. Ишкерлердин айтымында, буга чейин мындай продукцияны башка аймактардан сатып алууга туура келип, кошумча чыгым талап кылынып келген.
Ишкана өкүлдөрүнүн айтымында, чыгарылып жаткан суу түтүктөрү сапаттуу чийки заттан даярдалып, аймактагы климаттык шарттарга ылайыкталып өндүрүлөт. Мындан улам жергиликтүү дыйкандар жана ишкерлер эми сугат системаларын түзүүдө сапаттуу жана жеткиликтүү баадагы түтүктөрдү колдоно алышат.
Цехтин түптөлүшү жергиликтүү бийлик, фонддордун жана жеке ишкердин салымы менен ишке кирип жатат. Мындай өндүрүш ишканасынын ачылышы Лейлек районундагы айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип, жергиликтүү экономикага да салым кошот.