Быйыл өлкө боюнча 128 өнөр жай объектиси ишке берилерин кономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди.
Министр инвестициялык долбоорлордун алкагында 2024-жылы 800 миллион долларлык 102 өнөр жай объектиси ачылганын жана бул жылы 1,7 миллиард долларлык 128 объектти ишке киргизүү пландалып жатканын айтты.
Пландалган жумуш орундарынын саны 15 миңге жетет. Ачылыштар бардык аймактарда болот. Мисалы, Нарын облусу боюнча жалпысынан 17 объект ишке кирет.