Бүгүн, 17-февралдан тарта Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына иштейм деген жарандарды онлайн каттоо башталды. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунан билдиришти.
Анда ар бир катталуучу өзүнүн чөнтөк телефону аркылуу катталуусу зарыл. Бир телефондон бир гана адам каттала алат. Катталууга чейин www.migrant.kg сайтына кирип, бардык талаптар менен таанышып, керектүү документтердин электрондук түрүн даярдап алуу сунушталат.