Каракол шаарында жаңы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турат. Нефтяник кичи районунда 500 окуучуга ылайыкталган эки кабаттуу мектептин 98% аяктап, жакынкы күндөрү окуучулар үчүн өз каалгасын ачат.
Каракол шаарында мектеп жетишсиз. Бүгүнкү күндө шаар боюнча 12 муниципалдык жалпы билим берүү мекемесинде кубаттуулугу боюнча 8000 окуучуга ылайыкталса, учурда 18 миңден ашык окуучу билим алууга туура келүүдө. Мындай маселеси чечүү үчүн жаңы мектептин курулушу соңуна чыкты.
Мектептин курулушу былтыр март айында башталган. Эки кабаттуу, заманбап типте салынып, 500 окуучуга ылайыкталган. Окуучулар үчүн ашкана, спорт зал, ажаткана жана башка бардык шарттар каралган. Жылуулук системасы орнотулуп, жуунучу бөлмөлөр дагы мыкты жасалган. Жаңы мектептин ачылышын зарыгып күткөн окуучулар ондоп саналат.
Каракол шаарындагы №5 орто мектебинин имаратынын эскилиги жетип, авариялык абалга кептелген. Ошондуктан бул жаңы мектеп пайдаланууга берилсе №5 мектептин мугалимдер жамаатын жана окуучуларды жаңы мектепке көчүрүү демилгеленүүдө.
Жаңы мектеп курулушу жакынкы аралыкта толугу менен бүтүп, февраль айында алгачкы коңгуроо жаңырат.