Айрым маалымат булактарында бүгүн УТРКга байланыштуу жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Париждеги жайкы Олимп оюндарынын трансляциясын сатып алуу боюнча:
- Баштапкы сүйлөшүүлөрдө лицензиянын баасы 1,5 миллион доллар деп белгиленген. Бирок көп жолку сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тараптар 100 миң долларга келишкен. Бул чыгымдар жарнама жана кабелдик телеканалдарга сатуу жолу менен жабылып, УТРК киреше тапкан.
“Евро-2024” футбол чемпионатынын трансляциясы боюнча:
- УТРК аталган мелдеш үчүн мамлекеттик казынадан бир тыйын да короткон эмес. Чыгымдар жеке өнөктөш компания тарабынан жабылган. Ошондой эле, УТРК “Евро-2024” трансляциясынан кошумча киреше тапкан. Бардык келишимдер расмий документтерде көрсөтүлгөн.
УТРКнын айрым жооптуу кызматкерлерине байланыштуу дооматтар боюнча:
- “Ири турнирлер аяктагандан кийин айрым жооптуу жетекчилер ар кандай мүлктөрдү, анын ичинде автоунааларды сатып алган” деген маалымат чындыкка дал келбейт.
“Кыргызтелефильм” боюнча:
- Иликтөө иштери жүрүп жатат. Бөлүнгөн каражаттын негизинде бир тарыхый көркөм тасма тартылган, экинчи тасмага даярдык иштери жүрүүдө. Азырынча жыйынтыктоочу отчет бериле элек.