Жаңылыктар
Өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту алдын алууга багытталган программа иштелип чыгууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өспүрүмдөргө  карата  зордук-зомбулукту алдын алууга  багытталган программа иштелип чыгууда

Өлкөдө өспүрүмдөргө, жаш балдарга карата зордук-зомбулук жылдан жылга көбөйүүдө.  Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин  Үй-бүлө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев “Бирични радионун”  түз эфиринде билдирди. 

Анын айтымында быйыл турмуштук оор кырдаалда калган  6129 бала аныкталган.  Алардын ичинен 500гө жакыны зордук-зомбулукка кабылган.  Муну акыркы үч жылга салыштырганда өлкөдө өспүрүмдөргө, жаш балдарга карата зордук-зомбулук жылдан жылга 2 пайызга  көбөйүп жатканын көрсөткөн.  Бакыт Тодогелдиев билдиргендей, 2025-2030-жылдарга белгиленген атайын программа иштелип чыгууда. Негизги максат зордук-зомбулукту 15-25 пайызга чейин азайтууга багытталган.