Чолпон-Ата шаарындагы мурунку аэропорттун ордуна 20 блоктон турган беш кабаттуу жана 56 блоктон турган тогуз кабаттуу ипотекалык негиздеги үйлөрдүн пайдубалы тургузулуп, курулушу кызуу жүрүп жатат.
Анда 50 адамдан турган жумушчу топ иштөөдө. Ошондой эле мамлекеттик стандартка жооп берген сапаттуу материалдар колдонулуп, тыкыр көзөмөлдөнүүдө.
Май айына чейин 5 үйдү бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.
Жалпы 34 гектар жер аянтына салынып жаткан үйлөрдүн ишке берилсе, 6000ге жакын адам турак жай менен камсыз болот.