Жаңылыктар
Нарын облусунда 13 мугалим жетишпейт
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облусунда 13 мугалим жетишпейт

Нарын облусундагы 140 жалпы билим берүүчү орто мектепте 61 миң 144 окуучу билим алат. Аларга 5 миң 620 мугалим билим, тарбия берет. Бирок тарых, физика, химия предметтери боюнча 13 мугалим жетишсиз. 

Бул тууралуу облус башчынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында билдирди. Анын айтымында, анын көбү, тагырагы 9 мугалим Жумгал районунда, бир мугалим Ак-Талаада, Кочкор районунда эки мугалим жетишпейт. Ал  мугалимдердин жетишсиздиги жетекчилердин кайдыгерлиги экенин белгилеп, маселени чечүү тапшырмасын койду.

Ал эми жалпы мугалимдердин 27 пайыздан ашыгы жогорку окуу жайларын сырттан окуп бүткөндөр. Бул мугалимдер үчүн  өкүлчүлүктүн демилгеси менен атайын курстарды уюштуруу пландалып жатат.

"Биздин негизги максаттарыбыздын бири билим берүү тармагынын сапатын көрүү. Биринчи кезекте мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда 138 мектептен 525 мугалимге окутуулар өткөрүлдү. Мындай окуулар жыл аягына чейин улана берет. Окуучулардын, бакчадагы балдардын коопсуздугун камсыз кылууда видеокөзөмөл жабдыктар орнотулуп жатат. Бирок Жумгал районунда 10, Кочкор районунда 22 бакчада көзөмөл камералары орнотула элек", - деди облус башчынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу.

Облус боюнча 13 миң 890 бала бакчага тартылып, жаш жеткинчектердин бакча менен  камсыз болуусу 82 пайызды түздү.

Негизинен облустун билим берүү тармагында мурдагы жылдарга салыштырмалуу көрсөткүчтөр жакшы. Командалык иш-аракеттердин натыйжасында  өткөн жылы Жалпы республикалык тесирлөөдөгү билим сапатынын көрсөткүчү 68,4 пайызды түзүп, республикада үчүнчү орунду камсыз кылды. Ал эми жалпы окуучулардын билим сапаты 51,55 пайызды түздү.