Нарын облусунда өткөн жылы 6 миллиард 853 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч мурдакы жылдарга салыштырмалуу 2 миллиард 155 миллион сомго жогору. Бул тууралуу маалымат жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында айтылды.
Дубан башчынын орун басары Адыл Сапаров маалымдагандай, облуста жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын жана башка пилоттук реформалардын натыйжасында бир жыл ичиндеги уюштуруучулук иштер көрүлүп, облустун тармактарындагы көрсөткүчтөр негизинен аткарылган.
"Өндүрүш, кайра иштетүү жана тейлөө багытында 90 ишкана ачылып, 1237 жумуш орду түзүлгөн. Ал эми ички жана тышкы рынокту көмүр менен камсыз кылууда көмүр ишканалары тарабынан 2 миллион 252 миң 900 тонна кара отун өндүрүлгөн. Ал эми Миң-Куштагы “Акулак” көмүр кенинен 512 миң тонна көмүр өндүрүлүп, Бишкек ТЭЦке 127 миң, Кытай Эл Республикасына 1629 тонна кара отун экспорттолду. “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасы “Турук” кенинен 24 миң тонна көмүр өндүрдү.
Ал эми энергетика тармагында 203 миллион киловатт саат электр жарыгы өндүрүлүп, өсүү темпи 108 пайызды түздү. Облустун потенциалына ылайык, жалпы кубаттуулугу 100 мегаваттык 450 миллион киловатт саат электр энергия өндүрүүчү Куланак ГЭСин куруу иштери башталып, өткөн жылы 60 миллион АКШ доллары өздөштүрүлгөн. Учурда курулуш иштери уланууда. Ошондой эле Ат-Башы районунун Ак-Муз жана Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймактарында 1 мегаваттык чакан ГЭСтердин курулуш иштери башталган. Бул курулуштар ушул жылы пайладанууга берилери пландалууда.
Айыл чарба тармагында эт, сүт, бал, мөмө-жемиш кластерин түзүү боюнча иш аракеттер көрүлүп, айыл чарба прдукцияларын дүң өндүрүү 28 миллиард 839 миллион сомду түздү. Сүт кластерлерин түзүүдө 400 миллион сомдук “Сүт сектрунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу” долбоору ишке ашты. Ал эми мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү долбоорунун алкагында Нарын облусуна 7 миллион доллар каражат бөлүнүп, 72 гектар жерге карагат, чычырканак, малина эгилген",- деди ал.
Ал эми инвестиция тармагында 5 миллиард 844 миллион 540 миң сомдук жумуштар жасалды. Бул каражаттын 1 миллиард 393 миллион 319 миң сому эл аралык уюмдардан, 319 миллион 257 миң сому жергиликтүү бюджеттен, 3 миллиард 806 миллион 711 миң сому демөөрчүлөрдөн, 325 миллион 252 миң сому жергиликтүү өнүктүрүү фонддорунан каржыланган. Ошондой эле облустун инфратүзүмүн жакшыртуу багытында 7 миллиард 400 миллион сомдук инвестициялар, капиталдык салымдар жана курулуштар өздөштүрүлгөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылга караганда 3 миллиард 660 миллион сомго көп. Мындан тышкары курулуш жаатында республикалык бюджеттен 1 миллиард 35 миллион 45 миң сом өздөштүрүлүп Кара кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата мектеп, бала бакча, парк, спорт зал, ФАП сыяктуу 10 социалдык обьекти, башка булактардан 16 обьект колдонууга берилди.
Жыйында өкүлдүн орун басары экономика тармагындагы мындай жетишкендиктерге карабастан кемчиликтер дагы бар экенин билдирди.
“Облус боюнча 290 миллион 292 миң сом өздөштүрүлбөй калган. Бул каражаттын 19 млн. 979 миң сому Ак-Талаа районуна, 49 млн. 254 миң сому Ат-Башы районуна, 72 млн. 657 миң сому Жумгал районуна, 37 млн. 289 миң сому Кочкор районуна, 87 млн. 913 миң сому Нарын районуна, 23 млн. 200 миң сому Нарын шаарына тиешелүү.
Ошондой эле райондук өнүктүрүү фонддордон бөлүнгөн 14 миллион 520 миң сом дагы Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда өздөштүрүлбөй калган”, - деди Адыл Сапаров.