Жаңылыктар
Жумгалда балдарын көзөмөлгө албаган ата-энелер айып төлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгалда балдарын көзөмөлгө албаган ата-энелер айып төлөштү

Жумгал районунда өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу максатында өткөн "Үй-бүлө" деп аталган ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө балдарын көзөмөлгө албаган ата-энелерге 16 миң сомдук айып салынды.

Нарын облустук милициясынын маалымат кызматы алдын алуу иш-чарасы “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар”  жөнүндө №185-мыйзамына ылайык жүрүп, жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алууга багытталганын билдирди.

Маалыматка караганда, Жумгал РИИБдин кызматкерлери 3 топко бөлүнүп, күндүзгү жана кечки мобилдик топтордо иш алып барып, жашы жете электердин болуусуна тыюу салынган жерлер текшерилди.

“Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энесинин коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөргө карата Укук бузуу кодексинин 7№4-беренеси менен 16 протокол толтурулуп, 16 миң сом айып салынды. Мындан тышкары, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча 8 протокол толтурулуп, 2 мас айдоочу кармалды.

Ошондой эле, район аймагындагы соода түйүндөрүнүн ээлерине жашы жете электерге спирт ичимдиктерин жана тамеки заттарын сатууга тыюу салынганы тууралуу маалыматтар берилип, жергиликтүү башкаруу органдарынын чечими менен саат 22:00дөн кийин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда.

Бул иштер өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо максатында жүргүзүлүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.