Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө аймагындагы бардык мечиттерде зекет, битрр-садака жана садака төлөмдөрүн Finik төлөм платформасы аркылуу QR-код менен кабыл алуу тутумун ишке киргизди.
Нарын облустук казыятында бул системаны колдонуу тартибин түшүндүрүү максатында облустагы баш имам-хатибдер жана аймактык имамдар үчүн атайын жыйын өттү.
Жыйында муфтияттан келген өкүлдөр тарабынан зекет, битир-садака жана садака төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн иштелип чыккан бирдиктүү системанын артыкчылыктары тууралуу маалымат берилип, аны колдонуу тартиби түшүндүрүлдү.
Маалыматка караганда, бул система башкармалыктагы "40 кадам" долбоорунун бир бөлүгү катары каржы ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүү максатында ишке ашырылууда. Ошону менен катар эле төлөм жүргүзүүнүн жаңы тутуму дин кызматкерлерине жана жарандарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Маселен, QR-код аркылуу төлөмдөр түздөн-түз жеке эсепке түшүп, ар бир тыйындын туура дарекке жетиши камсыздалат жана Finik мобилдик тиркемеси аркылуу бардык төлөмдөрдүн толук маалыматын көрүп турууга болот.