Жаңылыктар
Экологиялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
 Экологиялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

1-марттан тарта экологиялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам күчүнө кирет. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бөлүм башчысы Жеңишбек Букаров билдирди. 

Анын айтымында, экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тарткандарга 15 000 сом, фитосанитардык норма бузгандарга 10 000 сом, уулуу калдыктарды сактоо жана ташуу эрежесин бузгандарга 10 000 сом айып салынат.