Жаңылыктар
Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук менен ысык суу берүү токтотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин  айрым жерлеринде жылуулук менен ысык суу берүү  токтотулат

Бүгүн,  19-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук  жана ысык суу берүү өчүрүлөт. Бул тууралуу  Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул убакта Абдрахманов көчөсү, 97 жана Түгөлбай Ата көчөсү, 39 даректериндеги көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндө эскирген түтүктөрдү пландуу алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу жылуулук жана ысык суу берүү төмөнкү даректерде убактылуу токтотулат:

Абдрахманов көчөсү, 97, 99, 101;

Үсөнбаев көчөсү, 24;

Бөкөнбаев көчөсү, 76, 78;

Түгөлбай Ата көчөсү, 39.

Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.