Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш төрагасы: Мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбойт
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңеш төрагасы: Мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбойт

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбостугун билдирди.

Төрага парламенттин бүгүнкү жыйынында депутаттар тобу шайлоо системасын өзгөрткөн жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкканын, бул маселе өлкө жетекчиси менен да макулдашылганын айтты:

«Учурда парламент таркатылып, күзүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт деген кеп-сөздөр чыга баштады. Анын баары куру бекер сөз. Кезексиз же мөөнөтүнөн мурда шайлоолор болбойт. Президенттик да, парламенттик да шайлоолор кийинки жылы өз убагында өтөт. Андыктан азыркы VII чакырылыштагы парламент ишибизди жигердүү улантып, элибиз үчүн кызмат кыла беребиз», - деди төрага.