Нарын облусунда малдын жугуштуу ооруларына карата эмдөө жакшы жүрбөгөндүктөн бруцеллез оорусу былтыркы жылга караганда 44 учурга көбөйгөн. Бул тууралуу жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында облус башчынын орун басары Адыл Сапаров билдирди.
Анын маалыматына караганда, бруцеллез Ак-Талаа районунда 21, Ат-Башы районунда 25, Нарын шаарында 16 учурга көп катталса, Жумгал менен Кочкор райондорунда 18 учурга азайган. Бул ооруга алынган анализдин жыйынтыгы менен 266 ири мүйүздүү малдан оору аныкталып, ветеринардык эрежелерге ылайык жок кылынган.
Ошондой эле облус боюнча шарп оорусуна карата эмдөө планы 82, күл ылаңына каршы эмдөө 83, койлордун кыркын маалына каршы эмдөө 70, кутурма ылаңына каршы эмдөө 96, цестодозго каршы дегельминтизациялоо 76 пайызга аткарылган.
“Жугуштуу дарттарга карата эмдөө начар жүрүп жатат. Бул багытта коомдук уюмдар, жеке ветсервистер иш алып барат. Акча төлөсө эмделет, төлөбөсө эмделбейт, ошондуктан жугуштуу оорулар көбөйүүдө. Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен жугуштуу оорулар боюнча биринчи орунда турат экен. Быйыл ветеринардык кызматтарды лабораториясы менен мамлекеттин карамагына алып, пилоттук долбоорду ишке ашырышыбыз зарыл”, - деди Адыл Сапаров.
Нарын облусунда 210 миң 674 ири мүйүздүү мал, 1 миллион 127 миң 940 кой-эчки, 144 миң 597 жылкы бар.