Жаңылыктар
Москва: “Сахароводо” 75 кыргыз жараны кармалып турат
Кыргызстан жаңылыктары
Москва: “Сахароводо” 75 кыргыз жараны кармалып турат

Москвадагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу "Сахарово" борборунда ушул күндөрү Кыргызстандын 75 жараны кармалып турат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында элчиликтин кызматкерлери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте РФ Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборуна барышты.

Анда борбордун жетекчилиги менен жолугушуу болуп, мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, аларды Кыргызстанга өз убагында жөнөтүү, элчилик менен мындан аркы ыкчам өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле элчиликтин кызматкерлери кармалып турган Кыргызстандын жарандары менен жолугушуп, консулдук-укуктук кеп-кеңештерин берүү менен бардык суроолоруна жооп беришти. Жарандар тарабынан борбордо кармоонун шарттары, же укуктарынын бузулушу боюнча даттануулар болгон жок.

Учурда борбордо кармалып турган 75 кыргыз жаранынын жетөөсү аялдар.

Орусия мыйзамдарына жараша миграциялык эрежелерди бузган чет элдиктер депортацияга чейин атайын борборлордо кармалууга тийиш. Орусия жаңы жылдан тарта миграциялаык мыйзамдарын катаалдатып, бир топ жаңы эрежелерди киргизген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы бул өлкөдө 334 миңдей кыргыз мигранты жүргөнү аныкталган.