Жаңылыктар
«Дордой» базарында экспорттук камсыздандыруу борбору ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
«Дордой» базарында экспорттук камсыздандыруу борбору ачылат

27-февралда Кыргызстандагы эң ири соода-логистикалык хаб — «Дордой» базарында экспортту камсыздандыруу жана каржылоо борборунун расмий ачылышы өтөт. 

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы №79 жарлыгын аткаруу менен ишке ашырылууда, анда ААК «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» (МКУ) экспорттук тобокелдиктерди камсыздандыруу боюнча улуттук оператор катары белгиленген.

Борбордун негизги милдеттери:

- Экспорт кылгандарды коммерциялык жана саясий тобокелдиктерден коргоо боюнча камсыздандыруу продукцияларын сунуштоо.

- Чет өлкөдөгү контрагенттер тууралуу консультациялык жардам көрсөтүү жана контрагентти анализдөөгө жардам берүү.

- Ишкерлер үчүн чет элдик рынокторго жетүүнү тездетүү.

Экспорттук камсыздандыруу борбору эмне үчүн «Дордой» базарында жайгашкан?

- Негизги соода хабы: КМШ өлкөлөрүнө жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор менен байланыш.

- Жеңил өнөр жайына көңүл буруу: КОБ (кичи жана орто бизнес) секторунун 80 пайызы текстиль тармагында экспорт үчүн «Дордой» базарын колдонушат.

- Өнөктөштөр менен синергия: “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК”  жана «Дордой камсыздандыруу» ЖЧК «Элдик банк» менен биргеликте жеңилдетилген насыялар жана ийкемдүү камсыздандыруу чечимдерин камсыздайт.

Күтүлгөн жыйынтыктар:

- Экспорт кылгандар үчүн финансылык жана саясий тобокелдиктердин азайышы.

- Экспорттук сатуу географиясынын кеңейишине байланыштуу бизнестин өсүшүнө жардам берүү.

- Дүйнөлүк аянтта атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жогорулашы.

Экспорттук камсыздандыруу борбору - Кыргызстанды дүйнөлүк экономикага интеграциялоо үчүн жасалган кадам. Өлкөнүн инновацияларына кошулуңуз!