Жаңылыктар
Ысык-Көлдө окуучу кыз өз өмүрүнө кол салды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө окуучу кыз өз өмүрүнө кол салды

Ысык-Көлдүн Барскоон айылында 11-класстын окуучусу өмүрүнө кол салып, 9 күндөн кийин ооруканада каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 5-февралда айылдагы мектепте болгон. 17 жаштагы кызды спорт залдан асынган абалда дене тарбия мугалими тапкан. Тез жардам чакырылып, окуучу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, кийин Бишкектеги ооруканага которулган.

Тилекке каршы, өспүрүм 14-февралда каза болгон. Факт боюнча "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен иш козголуп, териштирүү иштери жүрүүдө.