Жаңылыктар
“КыргызРеспубликасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Мыйзамдын жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин айрым ченемдеринин колдонулушу токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
“КыргызРеспубликасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Мыйзамдын жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин айрым ченемдеринин колдонулушу токтотулду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин

айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын жоболорунда сот арачыларынын институтунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, аны ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, анын ичинде каржылоо булактарын аныктоо жана тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү максатында “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 45-бөлүмүнүн колдонулушун 1-жылдын 2035-январына чейин токтотуу каралган.