Жети-Өгүздөгү Тилекмат айылында кыш чыгаруучу заводдун курулушу кызуу жүрүүдө. Долбоор Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүүгө жана аймакты сапаттуу материалдар менен камсыздоого багытталган.
Заводдун жалпы наркы 6,5 миллион доллар турат. Заводу кытайлык “М групп” инвестициалык өнөр жай корпорациясы курууну колго алган. Учурда Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан 5 миллион каражат бөлүнүп, 120 метр тереңдиктен суу чыгарылган.
Долбоор этап - этабы менен ишке ашат. Азыркы тапта керамикалык кыштарды бышыра турган мештер курулуп, имараттын пайдубалы түптөлүүдө.
Курулушка айылдын этегинен жалпы 25 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Завод ишке кирсе, суткасына 200 миңге чейин кыш чыгарат жана 60ка жакын жумуш орду түзүлөт.
Долбоорду ишке ашыруу Ысык-Көл облусунун курулуш материалдарына болгон муктаждыгынын олуттуу бөлүгүн жабууга, анын ичинде жеткиликтүү ипотекалык программаныны алкагында курулуп жаткан көп кабаттуу уйлөрдун курулушун тездетүүгө жана жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.