Жаңылыктар
"Каракол" эл аралык аэропортуна IKG коду ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Каракол" эл аралык аэропортуна IKG коду ыйгарылды

"Каракол" эл аралык аэропортуна IKG коду ыйгарылганын "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, үч тамгадан турган уникалдуу код дүйнө жүзүндөгү аэропортторго Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (ІАТА) тарабынан берилет.

Бул код авиация тармагындагы процесстерди жөнөкөйлөтүү үчүн стандартташтырылган системанын бир бөлүгү болуп саналат.

Атап айтсак, ІАТА коддору авиакомпанияларда, авиабилет саткан агенттиктерде, билеттерди брондогон системаларда колдонулат. Бул кодду жүргүнчүлөрдүн жүгүнүн биркаларынан жана аба майдандарындагы маалымат такталарынан көрүүгө болот.

Эске салсак, Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт былтыр реконструкциялоо иштеринен соң ачылган.