Жаңылыктар
Фермерлерге жеңилдетилген арзан насыялар бериле баштады
Айыл чарба
 Фермерлерге жеңилдетилген арзан насыялар бериле баштады

Айыл чарбасын каржылоо программасынын алкагында өкмөт дыйкан, фермерлерге үстөк пайызы жеңилдетилген арзан насыяларды бере баштады. Бул максатта быйылкы жылдын алгачкы алты айы үчүн бөлүнгөн акча каражаты 2 млрд. сомдон ашты. Насыялар мурдагыдай 2 жылга эмес, 3 жылга берилип, жылдык үстөгү 10 пайызды түзүүдө. Негизинен талаачылык, мал чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай тармагын каржылоого берилет. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев билдирди. Учурда бул насыя каражаттары «Айыл банк», «РСК Банк», KICB жана "Кыргызстан" коммерциялык банкы аркылуу берилүүдө.