Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам “Транспорт жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ортосундагы коллизияны жоюу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрында № 548 “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн иштелип чыккан.
Мыйзам менен жол коопсуздугун жогорулатуу үчүн жеңил таксилердин ишин лицензиялоону киргизүү каралган.
Мындан тышкары, Мыйзам менен автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу (анын ичинде жеңил таксилергедагы) жана автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташуулар иштеринин
лицензияларынын колдонуу мөөнөтүн чектөө киргизилүүдө.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин экинчи абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.