Жаңылыктар
Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. 

Мыйзам 2025-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ушул Мыйзам балдардын жана ошондой эле майыптардын

өмүрүнө жана жыныстык кол тийбестигине болгон укуктарын кылмыштуу колсалуулардан сактоону жана коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган.