Соңку мезгилде интернет желелеринде тышкы карыз көбөйүп кеткендиги тууралуу такталбаган маалыматтар тарап, талкуу жаратууда. Аны менен катар эле Жогорку Кеңеште Жер кодексине байланыштуу жаңы мыйзам каралып, жеке менчикке чочулаган жарандардын суроолору редакциябызга келип түшүүдө. Буга байланыштуу "Кабар" агенттиги президент Садыр Жапаров менен кезектеги маекте ушул эки маселеде суроо узатты.
- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич? Коомчулукта актуалдуу болуп жаткан суроолорубузга жооп алсак. Учурда соцтармактын айрым колдонуучулары тышкы карызыбыз 7 миллиард долларга жетип калганын жазышууда. Ушул так маалыматпы? Буга чейинки карыздарды төлөө мөөнөтү азыркы учурга туш келгенин да билебиз. Эми тышкы карызыбыз дагы көбөйүп атса, аны кантип төлөйбүз деген да санаркоолор жок эмес.
- Бул жалган маалымат. Сырткы карызыбыз 4,5 миллиард доллар бойдон турат. Бул маалыматты айрым ишсиз калган, же качып жүргөн саясатчылар бийликти элге жаманатты кылып көрсөтүү үчүн таратып жатышат.
Биз азыр сырткы карыздан коркпойбуз. 2020-жылга чейин коркуп келгенибиз анык. Анткени 2020-жылы бюджетибиз 250 миллиард сомдун тегереги болчу. ИДП болсо 700 миллиарддын тегереги эле.
Азыр бюджетибиз 700 миллиард сомго жетти. ИДП болсо 1,5 триллион сомдон ашты. Бүгүн алтын валюта резервибиз 6 миллиард долларга жакын болуп турат. 2020-жылы 2 миллиард доллардын тегереги эле.
Бүгүн Улуттук банкта 60 тоннага жакын алтын запасыбыз топтолду. Бул көрсөткүч 2020-жылы 16 тонна болчу. Депутат Балбак Түлөбаев айткандай, бүгүн тышкы карызыбызды бир күндө төлөп койсок болот. Күчүбүз жетет.
Бирок буга чейинки маектеримде айтканымдай, бир күндө төлөп коюш бизге пайдасыз экен. Себеби кредитти алып жатканда 30-40 жылга чейин 2% (пайыз) менен алыптырбыз. Келишимдин эрежесине ылайык, эгер убагынан эрте төлөй турган болсок, анда үстөк пайыз менен төлөйсүңөр деп кол коюлган экен.
Себеби кредит берип жаткан тарап акчасын 30-40 жылга чейин ушул вариант менен деп пландаштырып биздин өлкөгө берди да.
Ошол үчүн ушул убакыттан эрте төксөк, анда 2 пайыз эмес, үстөк пайыз менен төлөйсүңөр деп турат.
Башында менде деле тышкы карызды бир күндө жаап салалы деген ой болгон. Бирок бизге пайдасыз болгондон кийин өз убагында эле график менен төлөп кете берели дедим.
2035-жылга чейин негизги тышкы карызыбызды график менен эле төлөп бүтөбүз. Ошондуктан тышкы карыздарыбыз бизге көйгөй эмес.
Ички карыздарыбыз болсо сом менен төлөнөт. Ички карыздар бизге коркунуч жаратпайт. Алардан кутулуунун жолдору толтура. Экономист, финансисттер жакшы билишет.
- Жогорку Кеңеште Жер кодексине түзөтүүлөр үч окууда кабыл алынды. Демилгечи Министрлер кабинети экен. Андагы айрым ченемдерге нааразы пикирлер айтылууда. Мисалы, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга менчик жерлерди мамлекет алып коё алат деген ченем кириптир деп бул маселеге тынчсыздануулар бар. Ушуга комментарий бере кетсеңиз.
- Менчик жерлерди алып коюуга мен каршымын. Жеке менчик мүлктөр кол тийгис. Эгер Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилген жерлери болсо анда башка кеп.
Аталган фонддун жүздөгөн гектар жерлерин 49 жылга алып алышып, анан иштете албай, отоо чөп басып жаткан жерлер жөнүндө кеп болуп жатса керек.
Андай жерлерди сөзсүз айыл чарба багытына иштетишибиз керек. Барган сайын дүйнө жүзүндө айыл чарба багытындагы жерлер тарып барат.
Адам саны тездик менен өсүүдө. Мисалы биз бүгүнкү күндө өзүбүздү өзүбүз буудай менен камсыз кыла албай калдык. Керектөөнүн 60 пайызын чет өлкөлөрдөн импорт кылып жатабыз.
Ошондуктан бир квадрат метр жер болсо дагы бош жатпашы керек. Жеке менчик жерлерди болсо жергиликтүү бийликтегилер кыдырып туруш керек. Кимдер иштете албай жаткан болсо, өкмөт тараптан жардам берели, иштеттирели. Өзү иштете албай жатса, анда ижарага алып өкмөт иштетсин. Жолдорун тапса болот да.
Иштетпей жаткан жеке менчик жерлерди алабыз деген ченем менен мыйзам долбоору келсе, каршы пикир менен кайтарам. Учурдан пайдаланып жеке менчик жер ээлерине кайрыла кетейин. Бир квадрат метр жерди да бош калтырбагыла. Буудай, арпа, картошка сыяктуу айыл чарба багытындагы тамак-аш боло турган эгин-тегиндерди сепкиле.
Импорттон көз каранды болбойлу. Өзүбүздү өзүбүз камсыз кылганга аракет кылалы. Өкмөттүн максаты деле ушул. Силердин жерлерди тартып алып, өкмөттү байыталы деген максат жок.
Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев