Жаңылыктар
Жаңыл Түмөнбаева - кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңыл Түмөнбаева - кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери

Бүгүн атактуу мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаева сексен жаш курагын белгилөөдө. Ал кыргыз аялдарынын арасынан алгачкылардан болуп СССРдин 1-класстагы Толук жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси дипломатиялык рангын алган.

Жаңыл Түмөнбаева Кыргыз ССРнин маданий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошту. 1990-жылы 21-мартта анын демилгеси менен Улуттук филармонияда  Орто Азия жана Казакстанда биринчилерден болуп Нооруз майрамы мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн.

Жаңыл Түмөнбаева кыргыз кыз-келиндеринин арасынан өлкө президенттигине ат салышкан алгачкы аял талапкер болгонун да бүгүн калың эл биле бербейт. 1990-жылы Жогорку Кеңеш, кийин “легендарлуу парламент” аталып калган ошол кездеги чакырылыш өлкө президентин шайлаган учурда Жаңыл Түмөнбаева он эки талапкердин бири катары ат салышып, бирок өз ыктыяры менен талапкерлигин кайра алып койгон. Президенттик кызмат жаңы кирип жаткан ошол шайлоодо калган талапкерлер жетиштүү добуш ала албай, акыры кийинки добуш берүүдө өлкөнүн туңгуч президенти болуп Аскар Акаев шайланган.

1990-жылдардын башында Жаңыл Түмөнбаева республиканын Тышкы иштер министрлигин жетектеп, эгемен Кыргызстандын тышкы саясий мекемесин түптөдү. Ал азыр да коомдук иштерге активдүү катышып, “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин төрайымы.

 УТРКнын “Маалымат “ студиясынын кабарчысы Алмаз Батилов Жаңыл Түмөнбаеванын ишмердүүлүгүн чагылдырган ирмемдердин фототүрмөгүн сунуштайт. Жеке архивиндеги сүрөттөрдү пайдаланууга бергени үчүн Жаңыл Түмөнбаевага ыраазычылык билдиребиз.


                                           

              Жаңыл Түмөнбаева ата-энесине орто мектепти күмүш медаль жана өзгөчө күбөлүк менен бүткөнү тууралуу документти көрсөтүп жаткан учуру. Панфилов району, 1964-жыл



                                                               Текстиль институтунун бүтүрүүчүсү Жаңыл Түмөнбаева. Москва, 1969


     Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун катчысы Жаңыл Түмөнбаева, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов Орто Азия аскердик округунун жетекчилиги менен жолугушууда. Фрунзе, 1977



Кыргыз ССРинин комсомолунун (ВЛКСМ) Борбордук комитетинин катчысы Жаңыл Түмөнбаева советтик космонавт жана илимпоз, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Валенти́н Ле́бедев менен жолугуп жаткан учуру. Жети-Өгүз курорту, 1974



Кыргыз ССРинин  комсомолунун (ВЛКСМ) Борбордук комитетинин катчысы Жаңыл Түмөнбаева "СССР-Монголия " аттуу жаштар фестивалынын ачылышында. Фрунзе, 1974



Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун катчысы Жаңыл Түмөнбаева, Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору (оң жактан биринчи) Салмоорбек Табышалиев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Сакин Бегматова, борбор калаанын шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Октябрь Медеров менен. Фрунзе, 1976



Жаңыл Түмөнбаева жолдошу Жантай Орозбаев жана кыздары менен кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов (анын алдында отурган мамлекеттик ишмер Абдыкерим Сыдыковдун небереси Нурлан) менен маектешип жаткан учуру. Чолпон-Ата, 1977


Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун катчысы Жаңыл Түмөнбаева шайлоочулар менен кезигүүдө. Ала-Бука району, Ош облусу. 1978


Свердлов райкомунун биринчи катчысы Жаңыл Түмөнбаева доклад окуп жаткан учуру. Фрунзе, 1987


                   Свердлов райкомунун биринчи катчысы Жаңыл Түмөнбаева Кыргыз ССРнин маданият күнүнө карата арналган иш-чарада. Москва, 1988



Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары, тышкы иштер министри Жаңыл Түмөнбаева, Кыргыз ССРинин тышкы саясий ведомствосунун алгачкы жетекчиси Казы Дикамбаев (сол жактан үчүнчү) белгилүү маданий ишмер Шаршен Усубалиев (оң жактан экинчи), мамлекеттик маданий ишмер Күлийпа Кондучалова, дипломат  Александр Юлдашев (сол жактан биринчи). Фрунзе, 1990


Чүй облустук кеңешинин төрайымы Жаңыл Түмөнбаева, Чүй облусунун губернатору (оң жактан биринчи) Феликс Кулов, КР премьер-министри Апас Жумагулов Чүй облусунун күнүн Москва аймагында өткөрүү үчүн келген учуру. 1994


Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары, тышкы иштер министри Жаңыл Түмөнбаева “Ганур” партиясынын мүчөлөрү менен жолугуп жаткан учуру. Индия, Калькутта шаары, 1990



КР өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Жаңыл Түмөнбаева РФ Ирандагы элчилигинде. Тегеран, 2004



“Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин төрайымы  Жаңыл Түмөнбаева Шанхай кызматташтык уюмунун элдик дипломатия боюнча иш-чарасында. Ташкент, 2024