Жаңылыктар
"Ынтымак Ордодо" Президенттик администрациянын жыйыны өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
"Ынтымак Ордодо" Президенттик администрациянын жыйыны өтүүдө

"Ынтымак Ордодо" министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги менен Президенттин администрациясынын жыйыны өтүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, буга чейин бардык мамлекеттик органдарда жана аймактарда коллегиялар өткөрүлүп, өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылган.

"Өлкөдөгү экономикалык, инфраструктуралык жана социалдык өзгөрүүлөр мамлекет өнүгүү жолунда баратканын тастыктап турат. Биздин эл өнүгүүнүн дал ушундай темптерин күткөн. Мунун баары - өлкө президентинин күчтүү саясатынын натыйжасы.

Коллегия - бул башкаруу аянтчасы, ал мамлекеттик башкаруунун динамикасын дагы бир жолу сын көз менен талдоого жана биздин мындан аркы стратегиялык багыттарыбызды аныктоого мүмкүндүк берет", - деди Адылбек Касымалиев.

Жыйындын күн тартибине 4 маселе коюлган.

Алар;

  • Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана талдоо, чет өлкөлүк командировкалардын эффективдүүлүгү, мамлекеттик органдардын ишин пландаштыруу көйгөйлөрү;
  • билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер;
  • 2024-жылдагы президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын – акимдеринин жана шаар мэрлеринин ишинин жыйынтыктары;
  • мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү.