Жаңылыктар
Эң узак иш сапары 8 күн. Догдургүл Кендирбаева былтыр 32 иш сапарда болгон
Кыргызстан жаңылыктары
Эң узак иш сапары 8 күн. Догдургүл Кендирбаева былтыр 32 иш сапарда болгон

Билим берүү жана илим министринин былтыр чет жакка жасаган иш сапарларынын айрымдары узакка созулуп, натыйжасыз деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февларда “ Ынтымак-Ордодо өтүп жаткан жыйында президенттик аппараттын коллегиясында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү министри 2024-жылы 10 эл аралык иш сапар жасаган. Алардын жалпы узактыгы 32 иш күн болуп, бул жумуш убактысынын 16,8%ын түзөт. Кээ бир иш сапарлардын узактыгы жана мүнөзү рационалдуу эмес. Мисалы, Австрияга болгон 8 күндүк иш сапар өтө эле узак.