Жаңылыктар
Талас шаарында мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр жок кылынды
Кыргызстан жаңылыктары
Талас шаарында мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр жок кылынды

Талас шаарындагы азык-түлүк дүкөндөрү Талас райондор аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан текшерилди.

Текшерүү учурунда дүкөндөрдөн мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар, суусундуктар, сүт азыктары жана башка азыктар аныкталды. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азыктар менен катар  коопсуздук сертификаты жок азыктар да жок кылынды.

Мөөнөтү өтүп кеткен азыктар Талас шаарындагы таштанды төгүлүүчү жайга ыргытылды.

Ошондой эле адисттер шаар тургундарына азык-түлүк сатып алууда мөөнөтүнө жана коопсуздук сертификатына көңүл бурууну эскертти.

Ал эми коопсуздук сертификаты жок ар кандай азыктарды ташыган ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, административдик чаралар көрүлдү.