Жаңылыктар
Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов: Медициналык кадрларды даярдоо жана ЖОЖдорду лицензиялоо системасында олуттуу көйгөйлөр аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов: Медициналык кадрларды даярдоо жана ЖОЖдорду лицензиялоо системасында олуттуу көйгөйлөр аныкталды

Медициналык кадрлардын кескин жетишсиздиги жана адистерди даярдоонун сапатынын төмөндөшүнүн коркунучтуу тенденциясы, өзгөчө жеке менчик ЖОЖдордо. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын коллегиясынын жүрүшүндө Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин контролдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов билдирди.

"Талдоо курч кырдаалды аныктады: өлкөдө 5000ден ашык медициналык кызматкерлер жетишсиз, ал эми 50 жаштан ашкан дарыгерлердин саны 3200дөн ашат, алардын көбү пенсия курагында. Жыл сайын ЖОЖдор 2000ге жакын дарыгерди бүтүрөт, бирок алардын төрттөн бир бөлүгү гана, мамлекеттик клиникаларга иштешет", — деди Азамат Осмонов.

Ал белгилегендей, дарыгер үчүн негизги фактор бул тажрыйба, аны мамлекеттик мекемелерде гана толук алууга болот. Жаш адистердин толук кандуу практика жетишсиз жеке клиникаларга кетиши бейтаптардын ден соолугуна коркунуч жаратат.

"2023-жылы баланын тиш доктурдун тажрыйбасыздыгынан каза болушунун трагедиялуу мисалы бул көйгөйдүн ачык ырастоосу болуп саналат", - деп баса белгиледи ал.

Маселени чечүү үчүн министрликтер эмгек рыногуна деталдуу талдоо жүргүзүп, билим берүү менен эмгек рыногун байланыштырган механизмдерди, анын ичинде иш берүүчүлөр менен ЖОЖдордун ортосундагы милдеттүү келишимдерди түзүшү керек.

Азамат Осмонов билимди экспорттоо жана медициналык университеттерди лицензиялоо көйгөйлөрүнө да токтолду.

«Президенттин Администрациясы бул жаатта одоно мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди аныктады. «Лицензиялоо көбүнчө формалдуу мүнөзгө ээ, сапат талаптары этибарга алынбайт, ошол эле учурда айрым жеке менчик ЖОЖдордо материалдык-техникалык ресурстардын жана квалификациялуу окутуучулардын жетишсиздиги чечилбей келет», - деди ал.

Башкармалыктын башчысынын айтымында, бир нече ЖОЖдордо окутуучуларды жасалма жумушка алуу фактылары да аныкталган.

«Чет элдик студенттерге англис тилинде сабак өтүү талабы көп бузулууда. Тестирлөө жеке ЖОЖдордун мугалимдеринин үчтөн бир бөлүгү гана англис тилин жакшы биле турганын көрсөттү», - деп кошумчалады ал.

Сөзүнүн аягында Азамат Осмонов Президенттик Администрация мындан ары да адистерди сапаттуу даярдоо жана бейтаптардын коопсуздугун кепилдөө максатында медициналык билим берүү жана лицензиялоо системасын катуу көзөмөлгө алаарын баса белгиледи.