Президенттин Администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгында бир катар катаал чечимдер кабыл алынды. Сөз көп сандаган кызмат оордунан бошотуулар, сөгүштөр жана катуу сөгүштөр жөнүндө болуп жатат. Бул туурасында Президенттин Администрациясынын коллегиясынын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Алсак, биринчи маселе боюнча аткаруу тартибинде кетирген кемчиликтери, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, негизсиз командировкага кеткендиги жана мекеменин иш пландарын талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн төмөнкү кызмат адамдарына тартиптик жазалар колдонулду:
1) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевге “катуу сөгүш”;
2) Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары
Клим Омельченкого “сөгүш”;
3) Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Сергей Слесаревге “сөгүш”;
4) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаевге “сөгүш”;
5) Билим берүү министринин биринчи орун басары
Бекжан Супаналиевге “сөгүш”;
6) Жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары Кубат Касейиновго “сөгүш”;
7) Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевге “сөгүш”;
8) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузаковага “сөгүш”;
9) Коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаевге “сөгүш”;
10) Саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаевага “сөгүш”;
11) Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетовго “сөгүш”;
12) Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыковго “сөгүш”;
13) Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Максат Саргазаковго “сөгүш”;
14) Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директорунун орун басары Мирлан Усенкановго “сөгүш”;
15) Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асель Раимкуловага “катуу сөгүш”;
16) Айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдиновго “катуу сөгүш”;
17) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулуна “катуу сөгүш” жарыялансын.
18) Айыл чарба министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Сокеев кызмат ордунан бошотулсун.
Экинчи маселе боюнча төмөнкү кызмат адамдарына дисциплинардык жаза колдонулду:
‒ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри
Догдургуль Кендирбаевага “эскертүү”;
‒ Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева “катуу сөгүш” жарыялансын.
‒ Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу кызмат ордунан бошотулсун.
Билим берүү жана илим министрлигинин төмөнкү кызматкерлерине карата тартиптик жазалар колдонуу сунушталсын:
‒ Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуевге “катуу сөгүш”;
‒ Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымовага “катуу сөгүш” жарыялансын;
‒ Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо секторунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Дамир Алибаеваны кызмат ордунан бошотуу;
‒ КР Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуудан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнур Исираилова “катуу сөгүш” жарыялоо.
Үчүнчү маселе боюнча, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин талаптагыдай эмес уюштургандыгы үчүн төмөнкү кызмат адамдарына дисциплинардык жазалар колдонулду:
- Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковго “сөгүш”;
- Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаровго “сөгүш”;
- Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Кадырбек Аджиевге “сөгүш”;
- Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Жыпаркүл Бектемировага “сөгүш”;
- Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Акылбек Тюкбаевге “сөгүш”;
- Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жумадилла Жапаровго “сөгүш”;
- Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бекмат Масаидовго “сөгүш”;
- Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапар Ормоновго “сөгүш”;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяровго “катуу сөгүш” жарыялансын;
- Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Манас Мураталиевге “катуу сөгүш”;
- Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким – Нуридин Мадимаровго “катуу сөгүш”;
- Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Эрмек Бахавидиновго “катуу сөгүш”;
- Манас районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Азия Батырбековага “катуу сөгүш” жарыялоо;
- Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Таалай Ибраимов кызмат ордунан бошотулсун;
- Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Кишимжан Кыдырова кызмат ордунан бошотулсун;
- Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Мээрихан Асанова кызмат ордунан бошотулсун;
- Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Айна Нават кызы кызмат ордунан бошотулсун;
- Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Туратбек Кулешов кызмат ордунан бошотулсун;
- Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Адилет Жолдошев кызмат ордунан бошотулсун;
- Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Маматиса Кокоев кызмат ордунан бошотулсун.
Ошондой эле, номенклатурага ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кароосуна төмөнкү сунуштар киргизилсин:
- Баткен райондук администрациясынын башчысы – аким Учкунбек Жоробаевди кызмат ордунан бошотуу;
- Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагуловду кызмат ордунан бошотуу;
- Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сейтек Кулубаевди кызмат ордунан бошотуу;
- Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жакыпбек Субагожоевди кызмат ордунан бошотуу;
- Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мунарбек Насировду кызмат ордунан бошотуу;
- Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нургазы Нармырзаевди кызмат ордунан бошотуу;
- Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Досмамбет Жээнбековду кызмат ордунан бошотуу сунушу.
Ошондой эле, Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаевге өзүнүн функционалдык милдетин жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Каракол шаарынын мэринин орун басары Гүлназ Орозованы “ээлеген кызмат ордунан бошотуу” сунушталат.
Нарын районунун администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаровго өзүнүн функционалдык милдетин жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси Жыпар Жээналиеваны “ээлеген кызмат ордунан бошотуу” сунушталат.